Экономика жана каржы министринин орун басары Данияр Иманалиев негизги азык-түлүк жана күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташынын себептери жөнүндө маалымат берди.
Анын айтымында, керектүү продукциялардын көпчүлүгү Кыргызстанга импорттолот. Анын ичинен 95% керектүү көлөмдө импорттолгондордон мунай — 85%, жумуртка — 24%, күрүч — 13%, жашылча-жемиштер — 27%, эт — 37%, үй канаттуулары — 90 % болуп эсептелинет.
«Алар өлкөгө ташылып келингендиктен, баалардын көтөрүлүшү тышкы факторлорго, ошондой эле доллардын курсуна байланыштуу. Баарынан да кумшекер, май, жумуртка, эт, күйүүчү-майлоочу майга болгон баа жогорулады», — деп экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин отурумунда министрдин орун басары белгиледи.
Анын айтымында, 2021-жылдын 2-апрелине карата 1 кг кумшекердин орточо баасы 66,1 сомду түзөт, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42% га жогору, башкача айтканда 19 сомго кымбат.
Майдын баасы бир жыл ичинде 73% га, же 71 сомго жогорулап, 169,1 сомду түздү. Уй эти 448 сомго бааланып 22,7%га өскөн, башкача айтканда 88,8 сомду түзөт. Кой эти 444,3 сомго көтөрүлүп, салыштырма баасы 95,1 сомду түздү.
Эттин кымбатташы көбүнчө Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстанга мал экспорттоодон келип чыккан.
АИ-92 бензини учурда 47,5 сомго бааланууда анын салыштырмалуу баасы 8,5 сом, ал эми дизелдик отундун баасы 43,9 сом болсо, салыштырмалуу баасы 1,1 сомду түзөт. Россиянын заводдорундагы баалардан улам күйүүчү-майлоочу материалдардын баасы жогорулады.