Бишкектеги ооруканаларда COVID-19 илдети менен 143 бала дарыланып жатат. Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата балдар арасында вирустук инфекция жана этиологиясы такталбаган пневмония азаюуда.
Белгиленгендей, Эне-баланы коргоо улуттук борборунда жана №3 балдар ооруканасына 60тан 80ге чейин кайрылуулар болуп, анын ичинен 10-15 бала ооруканага жаткырылат, калгандарына амбулатордук жардам көрсөтүлүп жатат, алардын 80%ы шаардыктар.
“10-15 баланын ичинен (90% учур) пневмония менен жаткырылууда. Бүгүнкү күнгө карата Эне-баланы коргоо борборунда 90 бала, №3 балдар ооруканасында 53 бала жатат. Ага карабастан ата-энелерди сак болууга жана бардык санитардык тазалык эрежелерин сактоого чакырабыз”, — деп айтылат маалыматта.