7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Велосезон ачылды. Жүздөгөн шаардыктар жүрүшкө чыкты (ФОТО)

326

Күн мурун Бишкек шаарында “Велосезон–2025” аттуу салтка айланган веложүрүш өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Иш-чарага жүздөгөн шаардыктар — велосипед сүйүүчүлөр жана активдүү жашоо образын жактагандар катышты.

Веложүрүш Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркындагы эстеликтен башталып, “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплексинде аяктады. Катышуучулар 5,5 чакырым аралыкты велосипед тээп өтүштү. Жүрүш соңунда атайын майрамдык программа уюштурулду.

Иш-чарага мэрдин орун басары Виктория Мозгачева да катышып, шаардыктарды куттуктап, Бишкекте вело спортун өнүктүрүү зарылдыгын баса белгиледи.

Коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, тез жардам унаалары жана ыктыярчылар тартылды. Велоколонна жол эрежелерин сактоо менен, тартиптүү жана коопсуз түрдө жылып, көрсөтүлгөн жерге жетип келишти.

Спорттук иш-чараны Бишкек шаарынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө боюнча департаменти жана Бишкек шаарынын велоспорт федерациясы уюштуруп, велосезондун ачылышын салтанаттуу өткөрүштү.

327