7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2024-жылы абактарда жаза өтөп жаткан 631 жаран паспорт алган

229

Өткөн жылы абактарда жаза өтөп жаткан 631 жаран паспорт алган. Бул тууралуу Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан жарандарды документтештирүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылуусунда билдирди.

Акыйкатчы институту тарабынан Жазаларды аткаруу кызматынын (ЖАК) мекемелеринде жазасын өтөп жаткан жарандардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүп келет.

Институттун кызматкерлери барган учурда соттолгондор тарабынан паспорт алууга жардам берүүсүн суранып кайрылгандар арбын болгон.

Ошонун негизинде Акыйкатчы институнунун кызматкерлери 2024-жылдын январь айынан тарта изилдөө жүргүзүп, өлкөдөгү жабык мекемелерде жазасын өтөп жаткан 742 соттолгон жарандын паспорту жок экенин аныктаган.

Натыйжада Акыйкатчы институтунун кызматкерлеринин кийлигишүүсү менен 2024-жылдын ичинде ЖАК мекемелеринде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 631 соттолгон паспорт алышты.

230