7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттин уулунун атына жамынып, элди 150 млн. сомго алдаган коомдук фонддун төрагасы кармалды

485

Милиция президент менен анын уулунун атын жамынып элди алдап жүргөн деген шек менен «Ашар» коомдун фондун түптөгөн кишини кармады.

Шаардык милициянын маалыматына караганда, 24 жаштагы Алиакбар Каныбек уулу 600дөй кишини үйлүү кылам деп 150 млн сом чогулткан. Кармалгандан кийин ал кардарларына акчасын кайтарып бере албай турганын, фонддо акча жок экенин айтып, кечирим сурап койгон.

Видеодо ал Садыр Жапаров менен анын уулу Рустамдын бул фондго тиешеси жок экенин, элдин ишенимине кириш үчүн алардын атын колдонгонун айткан.

486