7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ала-Арча паркында чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө

338

Ала-Арча жаратылыш паркында экологиялык туруктуулукту сактоо багытында чоң өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Бул тууралуу Президенттин иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

“Май айынан баштап паркка бензин же дизель менен жүргөн унаалардын киришине толук тыюу салынат. Учурда кең унаа токтотуучу жай курулуп бүтүүгө жакын. Келген конокторду эми атайын уюштурулган электрокарлар парктын ичине алып кирет. Жакын арада Бишкектен түз автобус каттамдары ишке кирет, буга чейинкидей парктын киреберишинде тыгындар болбош керек.

Мындан сырткары, паркта алгачкы ирет асма жол курулуп жатат, жыл этегинде ишке берилет. Жогорку бөлүгүндө мейманкана, ресторан, бассейн жана A-frame үлгүсүндөгү үйлөр салынууда.

Бул иш-аракеттердин бардыгы — жаратылышты сактап, ошол эле учурда эл үчүн ыңгайлуу, коопсуз жана заманбап шарттарды түзүү максатында жасалууда”,-деди Туманбаев. 

339