7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров иш сапар менен Бахрейнге барды

316
Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-апрелде, король Хамад бин Иса Аль Халифанын чакыруусу боюнча Бахрейн падышачылыгына расмий сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын учагы Манама шаарындагы «Бахрейн» эл аралык аэропортуна конду. Президентти өлкөнүн тышкы иштер министри Абдуллатиф бин Рашид Альзаяни тосуп алды. Аэропортто Кыргызстандын жана Бахрейндин мамлекеттик туулары илинип, килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилди.
Расмий сапардын алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса Аль Халифа, Бахрейндин Консультативдик кеңешинин төрагасы Али бин Салех Аль Салех жана Королдуктун башка расмий өкүлдөрү менен эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулоо үчүн сүйлөшүүлөрү пландалууда.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар кыргыз-бахрейн өз ара кызматташтыгын эки жакты кызыктырган бардык чөйрөлөрдө, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулашат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Бахрейн Падышалыгынын ортосунда эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө.

Белгилей кетсек, бул Кыргызстандын президентинин Бахрейнге жасаган биринчи расмий сапары.

317