7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Маевкада милицияга каршылык көрсөткөн төрт киши кармалды

320

Бишкек шаардык милициясынын айтымында, тартип сакчыларга “белгисиз адамдар айылда кол чырак менен бир нерсе издеп жүрөт” деген кабар түшкөн. Тартип сакчылар барганда токтоп турган Toyota Camry автоунаасын көрүшкөн. Милициянын айтымында, анын ээси кепке тартышканда LexusLX470 автокөлүгү менен кишилер келип, милиционерлерге каршылык көрсөтүп, тапанча менен коркута башташкан. 

Жыйынтыгында тартип такчылар 30,26, 21 жана 19 жаштагы төрт адамды кармашкан. Алардын машинасынан октолбогон тапанча менен дубинка табылган. 

“Шектүүлөрдун бири Telegram аркылуу буюртма кылган гашишти ошол аймактан алып кетүүгө барганын, ошол учурда милиция кызматкерлери келип калганын билдирген. Экспертиза кармалгандар баңгизат колдонгонун аныктаган. Милицияга каршылык көрсөткөндөр 3 жылдан 5 жылга чейин жазага тартылат”, — деп билдирди шаардык милиция.

321