7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бразилиялык адис Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын башкы машыктыруучусу болду

422
Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасына жаңы башкы машыктыруучусу дайындалды. Кыргыз футбол биримдиги кабыл алган чечимге ылайык аталган кызматка UEFA PRO лицензиясына ээ болгон бразилиялык адис Эдмар Ласерда келди.
Адис кезинде профессионалдык футбол оюнчусу катары бразилиялык «Индепендиенте», «Паулиста» жана «Интернасьональ» клубдарында ойногон. Ал 2003-жылы Украинага көчүп, «Таврия» клубу менен келишим түзгөн. Андан кийин ал карьерасын «Металлист», «Днепр» сыяктуу украиналык клубдарында карьерасын уланткан.
Украиналык жарандык алгандан кийин Ласерда 2011-2014 жылдар аралыгында Украинанын Улуттук курама командасы үчүн ойногон.
2019-жылы машыктыруучулук карьерасын баштаган Эдмар Ласерда 2023-жылга чейин «Металлист 1925» клубунда машыктыруучу болуп иштеп, 2024-жылы казахстандын «Тобол» клубунда машыктыруучунун жардамчысы болуп эмгектенген.
Машыктыруучу кураманы ушул жылдын сентябрь айында өтө турган Азия Кубогунун тандап алуу оюндарында дайындайт.
423