7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сапар Исаковдун иши кайра кароого жөнөтүлдү

347

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупциялык иштер боюнча мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго чыгарылган өкүм жокко чыгарылды. Бул тууралуу Жогорку сот кабарлайт.

Жаңы ачылган жагдайлар боюнча өндүрүштү калыбына келтирүү өтүнүчүн Башкы прокуратура берген. Сот аны канааттандырып, ишти Бишкектин Свердлов райондук соту башка курам менен карай турганы айтылды.

Сапар Исаков жылуулук борборун жаңылаган Кытайдын ТВЕА компаниясынын кызыкчылыгын көздөгөн деп шектелип, Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон. Мындан тышкары, дагы эки иш боюнча коррупцияга айыпталып, 15 жылга эркинен ажыратылып жазасын өтөп жаткан. 2020-жылдагы Октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Кийинчерээк башка иш боюнча дагы айыпталып издөө жарыяланган.

348