7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Ата районунда ири тери заводу курулат

317

Токмокто жайгашкан «Касиет» камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда жүндү жана терини кайра иштетүүдө орчундуу көйгөйлөр бар.

«Бул маселени чечүү үчүн «Касиет» камволдук жип ийрүү фабрикасын жандандыруу жана ишке киргизүү үчүн 913,5 млн сом каралып жатат. Бул багытта уяң жүндүү кайра иштетүү үчүн меринос койлорун көбөйтүү боюнча иш алып барылат.

Ошондой эле учурда союлган малдардын терилери ыргытылып, колдонулбай жатат. Терини кайра иштетүү максатында Ысык-Ата районунда ири тери заводун куруу иштери башталуу алдында турат», — деди Бакыт Төрөбаев.

318