Баткен облусунун аймагында Тажикстанга чек ара аркылуу ири мүйүздүү малды аткезчилик жол менен туруктуу өткөрүп жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүлөр малды өткөрүү үчүн чек арадагы тосмолорду бузуп, кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында кызмат адамына пара берүүгө аракет кылышкан.
Учурда тергөө уланууда.



