Бишкектеги №29 мектептин мурдагы директору К.М.Ж. кармалганын УКМК кабарлады.
Ал аталган мектептин ата-энелер комитетинин төрагасы болуп туруп, акчалай компенсация үчүн балдарды мектепке киргизүү боюнча кызмат көрсөткөн.
Мурдагы директор ата-энелерден жасалма документтерди алып, 86 арызды электрондук кезекке коюп бергени аныкталган. Жыйынтыгында 4 дарек боюнча бир мектепке 86 бала катталган.
Ошондой эле аталган директор УКМКнын кызматкерине 100 миң сом пара сунуштап, электрондук капчыгына которгону айтылды.
Учурда башка мектептерде дагы текшерүү жүрүүдө.