7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштун мэри Кара-Кулжада каза болгон келиндин балдарына жардам берүүнү убадалады

325

20 жылдык жолугушуудан кийин күйөөсүнүн колунан каза болгон келиндин туулуп өскөн жери Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылына Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев келип ата-энесине жолугуп куран окуп, көңүл айтты.

Мэр бул каргашалуу окуя жалпы Кыргызстандыктарды кайгыга салып, аял затына болгон мындай мамилени айыптап жатышканын билдирди.

Ошондой эле маркумдун артында калган, мектеп жашындагы балдарын Ош шаарындагы В. Терешкова атындагы мектеп-интернатына жайгаштырууга жардам берерин, ал жерде жатакана, тамак-аш, кийим кече менен камсыздалып көзөмөлдө болорун кошумчалады.

326