29-майда 98 жаш курагында Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Хищенко Пётр Семёнович көз жумду.
Петр Хищенко 1927-жылы 20-августа Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган. Ал 1944-жылы 17 жашында армияга чакырылып, 11 миң өспүрүм менен Фрунзе шаарынан Уфага аскердик окууга жөнөгөн.
1945-жылы согуш аяктаганда Уфадагы училищага тапшырып, лейтенант чинин алган. 1956-жылы Венгриянын Австрия менен чектешкен жеринде кызмат өтөгөн. Андан соң полк Ужгородго (Украина) көчүрүлүп, 1960-жылга чейин Хищенко ошол жакта иштеген. Ден соолугуна байланыштуу III топтогу майыптык берилген.
Фрунзеге кайтып келгенде машина куруу техникумунда билим алган. 30 жыл бою инженер-технолог болуп “Физжабдуулар” заводунда иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Петр Семенович Хищенко бир катар медалдар менен сыйланган. Анын басып өткөн жолу чыдамкайлыкты, эрктүүлүктү жана Мекенине берилгендиктин мисалы болуп калды.
Петр Семёнович Хищенконун жакындарына оор жоготууга байланыштуу көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.