7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз тилин жетиштүү билбегендер иштен бошотулбайт — Байсалов

252

Мамлекеттик тилди жетиштүү билбегени үчүн эч ким мамлекеттик кызматтан бошотулбайт, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан маалымат борборунда өткөн маалымат жыйынында.

Буга чейин Жогорку Кеңеште мамлекеттик тил мыйзамы каралып, депутаттыкка жана башка бир катар кызматтарга талапкерлердин мамлекеттик тилди Министрлер кабинети аныктаган деңгээлде билүүсү сунушталган.

Айрым парламентарийлер мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин, мисалы, мыйзам чыгаруу органына этникалык азчылыктар талапкерлигин кое албай турганын айтып, нааразы болушту.

«Тилибизди өнүктүрүү, көп улуттуу элди кабыл алынган «Кыргыз жараны» жарандык иденттүүлүк концепциясына интеграциялоо тууралуу сөз болуп жатат. Ийгиликтүү мамлекеттик реформалардын аркасында мамлекеттик тилдин кадыр-баркы өсүп жатат. Кыргыз тилинде көптөгөн документтер, жыйындар, конференциялар өтүп жатат. Мындан 10 жыл мурун муну элестетүү мүмкүн эмес болчу», — деди Байсалов.

253