Айт, арапа күндөрү жол кире акысын өз алдынча көтөрүүгө жол берилбейт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
ЖКККББнын кызматкерлери Бишкектин авто бекеттеринде башка аймактарга каттаган маршруттук жана жеке таксилердин айдоочуларына текшерүү жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле айт арапа күндөрү көпчүлүк жарандар айыл жергесине барышкандыктан, учурдан пайдаланып, жол кире акысын өз алдынча көтөрүп алууга аракет кылган айрым такси айдоочуларына жол тескөөчүлөрү тарабынан түшүндүрүү, эскертүү иштерин улантышууда.