Ишемби күнү абанын температурасы төмөндөйт, айрым аймактарда күн бүркөлүп жамгыр жаайт.
Абанын температурасы Чүйдө +21…+23, Талас аймагында +20…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +22…+27, Ысык-Көл облусунда +19…+25 Нарын өрөөндөрүндө +17…+21 градус болот.
Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21…+24, Ош шаарында +21…+25 градус болот.