7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Японияда комуз күүсү жаңырып, Кыргызстандын улуттук күндөрү белгиленди

151

Бүгүн, 6-июнда “ЭКСПО 2025” дүйнөлүк көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнү Япониянынын Осака шаарындагы “Ray Garden” күндүзгү улуттук залында кыргызстандык өнөр адамадарынын катышуусунда классикалык, элдик жана эстардалык жанрлардагы концерттик программасы тартууланды.

Маданий иш-чарада алгач расмий бөлүк орун алып, Япония мамлекетинин Коргоо министринин орун басары жана Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тарабынан куттук сөздөр айтылды.

Андан соң концерттик программа “Үркөр” ансамбли, “DBillions” тобу жана Эмил Ишен уулу биргеликте аткарган “Чексиздик” аттуу чыгарма менен башталды.

Концерттик программанын алкагында Камбар Календеров иштеп чыккан “Манас” эпосунун “Чоң казат” бөлүмү манасчы Нурбек Талантбековдун айтуусунда “Үркөр” ансамблининин коштоосунда жаңырып, фольклордук блок орун алды.

Ошондой эле аталган ансамблдин коштоосунда элдик ыр-күүлөр, фольклордук чыгармалар, япон элинин ырлары ырдалды.

Концерттин бөлүгү “DBillions” тобунун концерттик программасы менен уланды.

Кийинки бөлүк эстрадалык блок менен уланды. Республикалык жана эл аралык вокалдык конкурстардын жеңүүчүсү Азат Раимбердиев, Бек Исраилов, Миңжашар Мурзаев, Айжан Нусувалиева жана өзгөчө үндүн ээси Каныкей өз өнөрлөрүн тартуулады.

Ошондой эле, программага ылайык “Дилбар” мода үйүнүн көргөзмөсү Саид Бекмуратовдун “Паризат” аттуу чыгармасынын коштоосунда өттү.

 

152