7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Акыйкатчы «Эне үйү» ресурстук борборуна баш бакты

279

Кыргызстандын акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева турмуштун оор сыноосунан улам, баш калкалаар жайы жок «Эне үйү» ресурстук борборунда жашап жаткан аялдардан кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Акыйкатчы борбордун шарттары менен таанышып, ал жерде балдары менен бирге жашап жаткан энелер менен баарлашты.

Жамиля Жаманбаева Акыйкатчы институту зарыл учурда аялдарга укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, ал мындай борборлордун ачылышы аялдар жана балдар үчүн системалуу колдоо көрсөтүүнүн маанилүү кадамы экенин жана социалдык жетим балдардын пайда болушунун алдын алууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Борбор жаңы төрөлгөн ымыркайы бар аялдарды кабыл алат. Эне жана бала бул жерде бир жылга чейин жашай алышат. Аларга турак жай менен бирге психологиялык жана укуктук жардам, документтерин калыбына келтирүү, ишке орношуу жана социалдык адаптация боюнча жардам көрсөтүлөт.

Борбордун негизги максаты — баланы энеси менен бирге болуусуна шарт түзүү, балдар үйүнө жана интернаттарга түшкөн балдардын санын кыскартуу.

280