Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курулуп жаткан «Ала-Тоо Резорт» тоо лыжа кластериндеги жер тилкелери ачык аукционго коюлат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттик билдирди.
Мамлекеттик маанидеги жыл бою иштей турган «Ала-Тоо Резорт» тоо кластери долбоорунун алгачкы этабын ишке ашыруунун алкагында «Жыргалаң» тоо лыжа базасынын төмөнкү бөлүгүндө жайгашкан жер тилкелери аукционго коюлат.
Буга байланыштуу ата мекендик жана чет элдик инвесторлор 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканаларды, VIP-коттедждерди, этно-таунхаустарды, ресторандарды, кафелерди, SPA-комплексин жана башка коммерциялык объектилерди куруу үчүн шаар куруу
документациясы менен толук камсыздалган жер тилкелерин сатып алууга чакырылат.
Долбоор боюнча жалпы маалымат:
Трассалардын жалпы узундугу 250 кмди түзөт, ал эми курорт жылына 2 миллионго чейин туристти кабыл алып, 4 600гө жакын жумушчу орун түзө алат.
Лоттор боюнча жалпы маалымат:
Жалпы аянты – болжол менен 6,5 га
Баланста кармоочу: Президенттин иш башкармалыгына караштуу «Ала-Тоо Резорт»
мамлекеттик ишканасы.
Аукционго 49 лот коюлат – аянты 216 чарчы метрден 15 660 чарчы метрге чейинки жер
тилкелери.
Лоттордун баштапкы баасы – 3 067 200 сомдон 336 960 000 сомго чейин.
Курулуш объектисин пайдаланууга берүү мөөнөтү – сатып алуучунун жер тилкесине
менчик укугун каттаган күндөн тартып 2 жыл.
Ар бир жер тилкеси боюнча төмөнкүлөр бар:
-укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтер;
-бекитилген план;
-өздөштүрүү шарттарынын тизмеси;
-рыноктук наркка көз карандысыз баа берүү;
-кыймылсыз мүлк бирдигине чектөөлөрдүн жана милдеттенмелердин жоктугу жөнүндө
маалым кат.
Жер тилкелерин сатуу жана бүтүмдөрдү тариздөө президенттин 2025-жылдын 28- майындагы № 166 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ улуттук долбоорлор жөнүндө» 2023-жылдын 23-мартындагы № 63 жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» жарлыгына, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы №326 «Мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерин улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында ажыратуу тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна жана Министрлер кабинетинин 2025- жылдын 16-июнундагы №486-р тескемесине ылайык жүргүзүлөт.
Аукциондун катышуучулары баланста кармоочу менен биргеликте аукционго коюлган жер тилкесин көрүп чыга алышат.
Аукциондорду өткөрүү орду жана күнү:
Аукцион онлайн режиминде https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтында өткөрүлөт.
Талаптарды кабыл алуунун башталышы: 2025-жылдын 18-июну, саат 17:00.
Аукциондорду өткөрүү датасы: 2025-жылдын 15-июлунан 18-июлуна чейин.
Аукционго катышуу үчүн талапкерлер https://auctionetp.gov.kg электрондук соода
аянтында катталып, төмөнкү документтерди жүктөшү керек:
1) уставдык капиталга чет элдик жарандыгы же чет элдик катышуусу бар экендиги
жөнүндө маалыматтарды камтыган аукционго катышуу үчүн арыз;
2) кепилдик төгүмүнүн төлөнгөндүгүн тастыктаган төлөм документинин көчүрмөсү;
3) өздүгүн ырастоочу документ.
Юридикалык жактар кошумча төмөнкүлөрдү беришет:
— белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү;
— юридикалык жактын атынан чыгууга жана тиешелүү бүтүмдөрдү жасоого ыйгарым укуктуу өкүлдүн атына ишеним кат.
Эгерде арыз талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш алып барууга укугу бар жак тарабынан берилген нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишеним кат талап кылынат.
Документтер санариптик форматта берилиши мүмкүн.
Кепилдик төгүмүн төлөө шарттары:
Аукционго катышуу үчүн талапкер кепилдик төгүмүн төгөт. Кепилдик төгүмүнүн өлчөмү лоттун баштапкы наркынын 10%дык өлчөмүндө аныкталат. Ар бир лот боюнча кепилдик төгүмүнүн өлчөмү жөнүндө толук маалымат https://auctionetp.gov.kg электрондук соода аянтында жайгаштырылган.
Чет элдик жеке жана юридикалык жактар үчүн:
Аукционду утуп алган чет элдик жактарга жер тилкелери КРнын Жер кодексинин 5-беренесинде каралган чектөөлөрдү эске алуу менен 49 жылга чейинки мөөнөткө (убактылуу) пайдалануу шарттарында берилет.
Лоттор боюнча кененирээк маалыматты alatooresort.kg жана https://auctionetp.gov.kg сайттарынан алууга болот. Аукционго катышуу үчүн https://auctionetp.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү зарыл.
Маселе тууралуу:
Президент Садыр Жапаров 2025-жылдын 16-майында «Ала-Тоо Резорт» (мурдагы «Үч чоку») тоо лыжа базасынын жер тилкелерине аукцион уюштурула турганын жарыялаган. Анын айтымында, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларында курула турган тоо лыжа базасы «Ала-Тоо Резорт» деп аталат. Жыргалаң тилкесиндеги биринчи асма жол кийинки жылдын июль айында бүтөт. Ошентип, 2026-жылдын ноябрь-декабрь айларында лыжа трассалары менен биринчи фаза (Жыргалаң) пайдаланууга берилет.
Экинчи фазанын (Ак-Булак) курулушу 2027-жылы, ал эми 2028-жылы үчүнчү фаза (Боз Учук) аяктайт, андан кийин үч тоонун трассалары бириктирилип, курорт толук кандуу иштей баштайт. Биринчи фазанын (Жыргалаң) курулушу үчүн каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн. Калган эки фаза (Ак-Булак жана Боз-Учук) бюджетке оорчулук келтирбөө үчүн жер
сатуудан түшкөн каражатка курулат.
«Doppelmayr Seilbahnen GmbH Außenstelle Stetten» — австриялык холдингдин филиалы. Холдинг асма жолду куруу менен алектенет, өндүрүштүк аянтчалары, ошондой эле дүйнөнүн 50 өлкөсүндө сатуу жана тейлөө боюнча филиалдары бар. Бүгүнкү күнгө чейин компания 96 мамлекеттен келген кардарлар үчүн 15 400дөн ашык асма жол системасын ишке ашырган.
Маселенин тарыхы:
Буга чейин Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясы тарабынан «Үч чоку» долбоору боюнча план иштелип чыккандыгы кабарланган. «S3V» (Société de Trois Vallees) — Альпы тоосунун Франциянын аймагындагы бөлүгүндө жайгашкан белгилүү «Courchevel» — Куршевель лыжа курортунун оператору. Кыргызстанда анын аналогун түзүү пландалган. Ага ылайык, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын бириктирген тоо лыжа курорттук базасын түзүү каралган.
Мындан улам Минкаб 2024-жылдын 7-июнунда Президенттин иш башкармасынын алдында «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик мекемесин түзгөн. Ал долбоорду ишке ашырууга жооптуу мекеме болуп дайындалган. Аны Жаркынбек Максүтов жетектей
баштаган. Мындан соң Минкаб аянты 1624 гектарды түзгөн жер тилкесин «Кыргыз Куршевель» мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген. Ага ылайык, Ак Суу районундагы Хан-Теңири айыл округунун аймагында жайгашкан жалпы аянты 870,13 га, 826,4 га жер аянттары айыл чарба багытынан «өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргонуу жана башка багыттардагы жерлер» категориясына которулган.
Франциянын Кыргызстандагы мурдагы элчиси Франсуа Делаус берген маегинде франциялык эки компания сезондон тышкары тоолуу туристтик курорттун курулушуна катышып жатканын айткан. Франциялык «S3V» (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан «Үч чоку» кластери Борбор Азиядагы эң ири тоо лыжа базасы болушу мүмкүн деген. Ал долбоор ишке ашырылгандан кийин 4,8 миң жумуш орун түзүлүп, салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 млн еврону түзөрүн жана курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миңге чейин туристти кабыл ала аларын белгилеген. Экономика министрлиги долбоорду каржылоого жалпы 1,2 млрд евро керектеле турганын кабарлаган.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында учурдагы курулуш министри Нурдан Орунтаевди үч кызматкери менен курортту көрүп, баамдап келиш үчүн Франциядагы «Куршевель» лыжа базасына жибергенин маалымдаган.
Кийинчерээк Министрлер кабинети «Доппельмайр Зайльбанен ГмбХ» (Doppelmayr Seilbahnen GmbH) компаниясын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда «Үч чоку» тоо лыжа кластери» (азыркы «Ала-Тоо Резорт») мамлекеттик маанидеги долбоору боюнча асма жолдун инфраструктурасын жеткирүүчү, долбоорлоочу жана куруучу катары аныктаган.