7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте 14 жаштагы өспүрүм өзүн-өзү болгаркалап каза болду

923

Бишкек шаарында 14 жашар бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, окуя болгон жерден жан берди. Бул тууралуу Ленин РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрель күнү милициянын нөөмөт бөлүмүнө Ак-Ордо-3 конушундагы жеке менчик үйлөрдүн биринде жашы жете элек бала өзүнө жаракат келтиргендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

«Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып маалыматты тактаганда, үйдүн ичинен 14 жашар баланын жансыз денеси табылган. Жансыз денеге кароо жүргүзгөндө бала электр болгаркасы менен моюнуна жаракат келтирип, жеринде каза болгону аныкталган. Ал 2007-жылы туулган С.С. аттуу бала болгон.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 136-берене «өзүн өлтүрүүгө жеткирүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Бардык тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда», — деп билдиришти райондук милициядан.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

924