«Ташчайнар» каймана аты менен таанылган балбан Нурлан Алишеров, алдамчылыкка шектелүүдө. Ал 2 жыл мурда, Каныкей аттуу жаранга АКШнын визасын алып берем деп 7 жарым миң доллар алган, бирок убада кылган визаны алып бере албай качып жүргөн. Маалыматты Биринчи-Май райондук соту да тастыктап, 16-апрелде бул иш боюнча алгачкы соттук отурум болоорун айтты.
Соттук олтурумдан Нурлан Алишеровдун өзүнүн да али кабары жок.
«Менин үстүмдөн арыз жазылганы чын. Бирок бул жалган жалаа, мен бир сом дагы алган эмесмин. Далилдерим бар», — дейт ал.
Ал эми жабырлануучу Каныкей аттуу айымдын жактоочусу, Памир Суранбаев бул иш боюнча 2 ирет Башкы прокуратурага кайрылып, анын негизинде иш кайра каралгандан кийин гана сотко өткөнүн айтат.
«Жабырлануучунун аты Каныкей. Ал мындан 2 жыл мурда АКШга виза алмакчы болуп, Нурлан Алишеров менен келишим түзгөн. Анда визаны 15 миң долларга баалап, каражаттын жарымын, тагыраагы, 7 жарым миң долларды Нурлан Алишеров тил каттын негизинде алган. Акчанын калган бөлүгүн виза толук бүтүп, колуна тийгенде алмакчы болуп эки жак келишим түзгөн. Бирок виза ошол бойдон берилген эмес. Жабырлануучу 2019-жылы укук коргоо кызматкерлерине арыз менен кайрылып, тергөөчүлөр ишти карабай коюшкан. Мен бул иш боюнча эки жолу Башкы прокуратурага кайрылып, иш кайрадан кароого алынып, сотко өттү. 16-апрелде биринчи отурум болот», — деди жактоочу.
Эске салсак соттук олтурум 16-апрель күнү саат 15:00дө Биринчи-Май райондук сотунда болот.