Бир суткада 151 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу тиешелүү кызматтар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9 — апрелине карата республика боюнча COVID-19дун – 151 учуру катталса, анын ичинен COVID-19 U07 – 117, COVID-19 U07.2 – 34 учур.
Кыргызстанда жалпы COVID-19 инфекциясынын 89 миң 811 учуру катталды.
Ал эми бир сутка ичинде жалпысынан 112 бейтап оорукандан чыгарылды. Жалпы айыккандардын саны 85 миң 719 адамды түзөт.
Бир сутка ичинде республика боюнча COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.
Жалпысынан каза болгондордун саны – 1 миң 516 адам, анын ичинде:COVID-19 U07.1 – 480 учур, COVID-19 U07.2 – 1036 учур.