7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Шопоков шаарынын мэри коррупция боюнча кармалды

30

Шопоков шаарынын мэри коррупция боюнча кармалганын УКМК кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдан азыркы учурга чейин Сокулук районунун Шопоков шаарынын мэриясы тарабынан товардык материалдык баалуулуктарды сатып алуу боюнча тендерлер өткөрүлүп, анда «Юниверсал сервис» жана «Матумба» ЖЧКлары жеңүүчү деп жарыяланып келген.

Ошол эле учурда Шопоков шаарынын мэри С.Н.С. тапшырмасына ылайык, жогоруда аталган ишканалар мэриянын «инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар» боюнча башкы адиси К.А.А классташтарына катталып, алар формалдуу түрдө компаниялардын жетекчилери болуп көрсөтүлгөн.

Аталган «Юниверсал Сервис» жана «Матумба» ЖЧКларынын ишмердүүлүгүн Шопоков шаарынын мэри жана мэриянын мамлекеттик сатып алуулар боюнча адиси жетектеп, жасалма жумуштарды жүргүзүп, бул аркылуу бюджеттик каражаттарды жеке баюу максатында мыйзамсыз сыртка чыгарып кетүү менен алектенишкен.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз калчоо боюнча коррупциялык схема түздөн-түз Шопоков шаарынын мэринин көрсөтмөсү боюнча уюштурулгандыгы, ошондой эле сатып-алууларды жасалмалоодон түшкөн акча каражаттары өз ара бөлүштүрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтар «инвестицияларды тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар» боюнча мэриянын башкы адисинин көрсөтмөсүнө ылайык тастыкталды.

Кылмыштын изин жашыруу максатында Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары ар бир жасалма сатып алуу иштеринен 1 миң сомдон 5 миң сомго чейинки акча каражатын «Юниверсал Сервис» ЖЧКсынын формалдуу директору А.А.М.га сый акы катары которушкан.

Алдын ала жүргүзүлгөн аудиттик текшерүүлөрдүн натыйжасында республикалык бюджетке 9 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Ошол эле учурда С.Н.С. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өзүнүн жакын тууганын айдоочулукка дайындап, ал бир учурда эле «Шопоков-Унаа» муниципалдык ишканасында айдоочу болуп иштеп, мыйзам бузуу менен эки жерден эмгек акы алып жүргөндүгү аныкталган.

2025-жылдын 3-июлунда жогоруда аталган Шопоков шаардык мэриясынын кызмат адамдары кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

31