Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын маанилүүлүгү тууралуу айтып берди. Саясат таануу илимдеринин доктору экономикалык кызматташуу, регионалдык коопсуздук маселелерине көңүл буруп, аймактык туруктуулукту жана коңшулаш мамилелерди сактоодогу Бишкек менен Душанбенин оң ролун белгиледи.
— Кыргызстан менен Тажикстандын лидерлери кыска убакыттын ичинде мамлекеттик сапарлар менен алмашып жатышат. Борбор Азиядагы саясий кырдаалдын олуттуу түрдө жакшы жакка өзгөрүп жатканы талашсыз. Ушул контекстте, Бишкек менен Душанбе кыска убакытта бардык пикир келишпестиктерди жөнгө салып, өз ара мамилени стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыккандыгы канчалык маанилүү?
— Глобалдык деңгээлдеги тектоникалык жылыштар планетанын ар түрдүү аймактарындагы коопсуздук жана экономикалык өз ара аракеттенүү архитектурасын өзгөртүп жатат. Борбор Азиядадагы коңшу мамлекеттердин лидерлери бул процесстерге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышууда. Чектеш өлкөлөрдүн ортосунда бир туугандык жана тынч мамиле гана болгону туура. Бул ал элдердин гүлдөп өнүгүүсүнүн башкы шарты болуп саналат. Биздин президенттер дал ушундай форматта аракеттенишүүдө.
Аймактык пикир келишпестиктер менен сууну пайдалануу маселелерин өз ара жөнгө салуу менен Кыргызстан менен Тажикстан аймактык ажырым жана карама-каршылык коркунучунан арылышты. Саясий-дипломатиялык жол менен, өз ара түшүнүшүү, улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен биздин лидерлер принципиалдуу жаңы мамиленин пайдубалын түптөштү. Мунун негизинде Бишкек менен Душанбе конструктивдүү диалогду калыптандырып, эки тараптуу мамилелерди стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгышты.
Буга чейин, бир нече жыл мурун, дал Фергана өрөөнүндө — Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек аралары кесилишкен жерде, эл аралык эксперттер кырдаалдын курчуй турганын божомолдошкон эле. Азыр болсо кырдаал түп-тамырынан бери өзгөрдү. Быйыл жазында Худжанд шаарында лидерлер түбөлүктүү достук тууралуу декларацияга кол коюшту. Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон мамлекеттик иш сапары — бул экономикалык кызматташуунун базасын бекемдөө жана кеңейтүү, жалпы коопсуздук мейкиндигин түзүү багытындагы чоң иштердин уландысы болуп саналат. Ошондой эл ал бүтүндөй Борбор Азиядагы тынчтык менен туруктуулуктун негизги факторлорунун бири.
— Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аралар ачылгандан кийин экономикалык мамилелер жогорку ылдамдыкта өнүгүү жолуна түштү. Товар жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, жаңы өсүү чекиттери жана келечектүү багыттар пайда болууда. Ушул өңүттөн алганда кызматташуунун дагы кандай мүмкүнчүлүктөрү бар?
— Экономикалык кызматташуу тууралуу айтсак, чек ара маселеси чечилмейинче бул жаатта өнүктүрүүчү мүмкүнчүлүктөр дээрлик токтоп турганы баарына белгилүү болчу. Бардык байланыштар дээрлик үзгүлтүккө учураган эле. Азыр болсо биз оң жана позитивдүү динамиканы байкап жатабыз. Товар жүгүртүүнүн бир нече эсеге көбөйгөнүн көрүп жатабыз. Менимче, биздин эки тараптуу экономикалык мамилелердин түзүмү оптималдаштырылат, соода-сатык мындан ары да өсүп, элдерибиздин жыргалчылыгын арттырат. Бизде көптөгөн багыттар жана элементтер бар, аларды өз ара байланыштыруу аркылуу бири-бирибизди толуктап, өз ара пайдалуу негизде өнүгүүгө жетише алабыз.
Азыр Кыргызстан аркылуу ачылган чек аранын аркасы менен Тажикстан Евразиялык экономикалык биримдиктин базарларына туруктуу байланышууга жана түз чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Мындан тышкары, биздин өлкөлөр аймактагы мамлекеттер үчүн суу ресурстарынын регионалдык донорлору болуп эсептелет. Ошондуктан бул тармакта, анын ичинде гидроэнергетика маселелеринде да Бишкек менен Душанбе өз аракеттерин координациялоо мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул өтө маанилүү, анткени коңшу мамлекеттер суу ресурстарына жана анын адилет бөлүштүрүлүшүнө муктаж. Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу мөңгүлөрдүн эриши жана суу булагынын азайышы шартында, биз өз ара да, жакын союздаштар менен да дайыма байланышта болуп турушубуз керек. Бул көрүнүш экономикага да, өлкөлөрүбүздүн өнүгүү багытына да таасирин тийгизет.
— Коопсуздук маселеси — азыркы шартта өзгөчө көңүл бурууну талап кылган тармак. Бул багытта биз ЖККУнун алкагында өнөктөштөр болуп саналабыз. Ошентсе да эки тараптуу аскердик кызматташтык регионалдык туруктуулукту сактоодо маанилүү роль ойнойт. Бул кызматташтык кандай мааниге ээ?
— Коопсуздук маселелери боюнча биз тыгыз кызматташууга милдеттүүбүз, анткени Тажикстан менен Афганистандын чеги абдан узун. Ал жактагы абал түшүнүксүз бойдон калууда: Талибан кыймылы толук көзөмөл орното элек аймактардан кооптуу коркунучтар жаралууда. Бул багытта биздин аракеттер сөзсүз түрдө биргелешип, терроризм жана диний экстремизм көрүнүштөрүн нейтралдаштырууга багытталышы керек. Бул өтө маанилүү маселе экенин өзгөчө белгилеп кетким келет. Ошондуктан коргонуу ведомстволору менен атайын кызматтардын ортосунда өз ара аракеттенүү механизмдери зарыл.
Биздин өлкөлөрдүн ортосунда маданий-гуманитардык жана диний чөйрөдө кандайдыр бир карама-каршылыктар жок. Бул аймакта биздин ата-бабаларыбыз кылымдар бою тынчтыкта жана ынтымакта коңшулаш жашап келишкен. Биз да бири-бирибизди колдоп, өз ара толуктап турушубуз керек. Ошондуктан мен Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамиленин келечегине болгон үмүтүм чоң жана Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон сапары тынчтыкты, туруктуулукту жана өнөктөштүктү бекемдөөгө багытталган дагы бир маанилүү кадам болот деп ишенем.