7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө 207 мектеп жана 214 бала бакча карантинге жабылды

231

Республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен кабарлашты.

Өлкө аймагында сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын күч алышына байланыштуу балдардын абалы Агартуу жана Саламаттык сактоо министрликтеринин, Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тыкыр көзөмөлүндө турат.

«Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын карантинге жабуу боюнча көрсөтмөсүнө ылайык Агартуу министрлигинин уруксатысыз эле билим берүү процесси онлайн форматына которулат. Мектептер билим берүү процессин онлайнга өткөрүү боюнча маалыматты министрликке билдирүү түрүндө гана жөнөтүшөт. Учурда республика боюнча 207 мектеп онлайн окутууда жана 214 бала бакча убактылуу карантинде», — деп айтылат маалыматта.

Азыркы тапта билим берүү уюмдарында оорулардын алдын алуу чаралары күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүүдө.

232