Салыкты электрондук капчыктардан мажбурлап өндүрүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүү Салык кодексине киргизилмекчи.
Экономика министрлиги учурда салыкка 363 миңден ашык адам 73,4 миллиард сом карыз экенин, көйгөйдү чечүүгө мыйзамда тиешелүү механизмдер жоктугун белгилеген.
Азыркы Салык кодексинде карызды электрондук төлөм системаларынан өндүрүү мүмкүнчүлүгү каралган эмес. Мунун айынан көп суммадагы каражат салык көзөмөлүнөн сыртта калууда. Андан тышкары, жеке ишкерлер жана компаниялар капчыктарды пайдаланып, өз кирешесин жашырып, салык төлөөдөн качып жатканы белгилүү болду», — деп жазылган негиздемеде.
Сунушталып жаткан жаңы жобо:
-Салыкты мажбурлап өндүрүү механизмдерин кеңейтип, электрондук капчыктагы эсептерге да көзөмөлдү күчөтөт.
-Салык төлөөдөн качууну азайтып, жарандардын жана ишкерлердин салыктык тартибин бекемдейт.
Мындай механизмдер АКШ, Германия, Франция жана Австралия сыяктуу өлкөлөрдө колдонулары, бул норма кабыл алынса, салыкчылар карызды толук өндүрүп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, электрондук акчалардын көмүскө жүгүртүлүшүн азайтууга өбөлгө түзүлөрү белгиленген.