7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлдү

389

Кыргызстанда Аламан улак федерациясы түзүлгөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Акыркы мезгилде улуттук аламан улак оюнун өткөрүүдө бирдиктүү регламенттин жана эрежелердин жоктугунан спорттук командалардын ортосунда ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда оор жаракаттан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталууда.

Ушуга байланыштуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык – оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлгөн.
Мында катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздук деңгээлин жогорулатууга, системалуу тартип бузууларга жол бербөөгө, мелдештерди уюштурууда калыстык менен ачык-айкындуулукту камсыздоого багытталган жаңы жоболор жана регламенттер бекитилди.

Улуттук спорттун бул түрүн жайылтууну жана буга байланыштуу иш-чараларды координациялоо максатында Аламан улак федерациясы коомдук уюму расмий каттоодон өтүп, Исмаилов Чолпонбай Адишович федерациянын президенти болуп шайланды.

390