7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Караколдун өнүктүрүү планы менен таанышты

2

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Каракол шаарын өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты.

Мамлекет башчысына шаарды көрктөндүрүү, транспорттук инфраструктураны модернизациялоо жана туристтик мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча пландалган чаралар тууралуу маалымат берилди.

Шаар мэри Каныбек Адиев Каракол дарыясынын боюнда узундугу 2 км болгон жээк паркы курулуп, жөө жүргүнчүлөр, велосипед тебүүчүлөр жана активдүү эс алууну сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди.

Ошондой эле Масалиев көчөсүндөгү аллеяны жашылдандыруу, заманбап жарыктандырууну орнотуу жана коммерциялык аймактарды түзүү мерчемделген. Шаардын экологиясын жакшыртуу үчүн ирригациялык системаны модернизациялоо каралган.

Коомдук унааларды өнүктүрүү максатында электробустарды сатып алуу жана тиешелүү кубаттоочу инфраструктураны орнотуу пландаштырылууда.

Маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулууда: край таануу музейинин алдында тарыхый-маданий кварталды түзүү жана мурдагы облустук статистика башкармалыгынын имаратын реставрациялоо менен анда музей мейкиндигин ачуу каралган.

Мындан тышкары, Каракол шаарында 5000 орундуу заманбап спорттук комплекстин курулушу башталат, анын ичинде спорттун ар кандай түрлөрү үчүн залдар, бассейн жана мейманкана болот.

Мамлекет башчысы бул долбоорлорду ишке ашыруу шаар тургундарынын жашоо сапатын, шаардык чөйрөнү жакшыртууга жана аймактын туристтик жагымдуулугун арттырууга өбөлгө түзүшү керектигин баса белгиледи.

Соңунда Президент Садыр Жапаров ар бир долбоор боюнча чыгашалардын толук сметасын түзүүнү жана бөлүнүп жаткан каражаттардын сарамжалдуу, максаттуу пайдаланылышын камсыз кылууну тапшырды.

3