7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзбекстанга эвакуацияланган палестиналык жарандар колдоого алынат

390

Президент Шавкат Мирзиёев Өзбекстанга эвакуацияланган палестиналык жарандарды социалдык жактан колдоо жана адаптациялоо боюнча жарлыкка кол койгонун UzA маалымдады.

Жарлыкка ылайык, палестиналык балдар мамлекеттик бала бакчаларга жана мектептерге кезексиз кабыл алынып, билим берүү жана медициналык кызматтар толугу менен мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржыланат.

Ата-энелер 2028-жылга чейин бала бакча төлөмдөрүнөн бошотулат. Палестиналык жарандарга жумушка орношууга, дипломдорун таанууга жана чакан бизнес программаларына катышууга шарт түзүлөт.

Ошондой эле ар бир үй-бүлөгө жөлөкпулдар жана социалдык кызматкерлердин жеке колдоосу каралган.

Эске салсак, 2024-жылдын декабрь айында Өзбекстанга Газа тилкесинен 100гө жакын жарадар палестиналык аялдар жана балдар убактылуу эвакуацияланып келген.

 

391