7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Айыл чарба тармагына кандай жеңилдиктер каралган

21

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков видеомаекте айыл чарба жерлерине каралган салыктык жеңилдиктер тууралуу айтып берди.

Салыктык жеңилдиктердин негизги максаты – фермерлердин салыктык жүгүн азайтуу жана агрардык секторду өнүктүрүүгө түрткү берүү. Бул тармакты колдоо максатында айыл чарба жерлерине карата жер салыгынан бошотуу мөөнөтү 2030-жылга чейин узартылды.

Ошондой эле, мал сатуу менен алектенген ишкерлер үчүн кошумча эсептелген салыктарды кечүү чарасы каралган. Эгерде ишкер мал сатуу боюнча эсептелген салыктын негизги суммасынын 20 пайызын төлөсө, салык калдыгынын калган бөлүгү, ошондой эле 100 пайыздык өлчөмдөгү туум жана салыктык санкциялар толук кечирилет. Бирок соттун айыптоочу өкүмү же ишкердик субъектке карата салык салуу чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча аякталбаган жаза иши болсо эсептен чыгаруу жүргүзүлбөйт.

Мындай чара көптөгөн субъекттерде дыйкандардан сатып алууда керектүү документтер жок болгонуна байланыштуу, фермерлер тарабынан, мисалы, электрондук эсеп-фактураларды берүү көйгөй жараткандагынан кабыл алынган.

22