7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Атада 80 жумуш ордун түзгөн тигүү цехи ишке берилет

259

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурмамбет айыл аймагындагы Красная Речка айылында 80 жумуш ордун түзгөн жаңы тигүү цехи ишке берилет. Бул тууралуу ишкана жетекчиси Бурул Исаева “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Быйыл ишке берилүүчү 128 ишкананын катарында «Инсан Текстиль” ЖЧКсы негиздеген тигүү цехи учурда тесттик режимде иштеп жатат. Жакынкы күндөрү август айынын аягында расмий түрдө ишке берилет.

Тигүү цехине болжол менен 55 млн сом жумшалып анын 45 пайызы насыя жолу менен салынды. Биздин фабрика 80 кишини иш менен камсыз кылууга ылайыкталган. Учурда жергиликтүү тургундардан 15тен ашык кыз-келиндер иштейт. Бирок, цех тесттик режимде иштеп, насыяны төлөө зарылчылыгы жаралгандыктан чет өлкөдөн жумушчуларды алганга муктаж болуп жатабыз”, — дейт жеке ишкер.

Аталган тигүү цехи айына 10-12 миң даана даяр кийим чыгаруу кубаттуулугуна ээ болуп, эркектердин жана аялдардын кийимдери экспортко тигилет. Товарлар жүз пайыз Россия, Казакстандан буйрутма аркылуу онлайн сатылат.  Тигүү цехинин расмий ачылышы 29-августка белгиленген.

260