7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кытайда биринчи жолу адамга чочконун өпкөсү салынды

386

Кытайлык окумуштуулар алгач ирет генетикалык өзгөртүлгөн чочконун өпкөсүн адамга трансплантациялашты. Бул тууралуу Nature Medicine журналы кабарлады.

Маалыматка караганда, операцияны профессор Хэ Цзянсин жетектеген дарыгерлер тобу жасаган. Өпкө Бама чочкосунан алынган жана иммундук баш тартуудан сактануу үчүн алты жолу генетикалык жактан өзгөртүлгөн. Операция кадимки өпкө трансплантациясына окшош жүргүзүлүп, 9 күн бою иштеп турган. Профессор Хэ Цзянсин бул жаңылык орган донорлорунун жетишсиздигин чечүүгө жардам берет деп эсептейт. Өпкөнүн ткандарында сезгенүү жана иммундук реакцияга байланыштуу бузулуулар байкалган, бирок, орган иштөөнү уланткан.

Белгилей кетсек, буга чейин АКШда бир бейтапка чочконун жүрөгү көчүрүлүп, ал бир айдан ашуун жашап, бирок каза болгон.

387