7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Басков, Озода баштаган артисттер Жалал-Абадда ырдайт

79

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына карата негизги майрамдык иш-чаралар быйыл 2025-жылдын 30-август күнү Жалал-Абад шаарында өткөрүлөт.

Ал эми 31-августта Эгемендик күнү өлкө боюнча кеңири белгиленет. Негизги майрамдык концерт Жалал-Абад шаарында кечки саат 18:00дон түнкү 01:00го чейин уланат.

Гала-концерт көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон чет элдик артисттердин коштоосунда өтөт. Алардын арасында Николай Басков, Люся Чеботина, BOSSON, ОЗОДА жана Хамдам Сабиров бар.

Ал эми Кыргызстандын эстрада ырчыларынан Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Бактияр Токторов, Айчүрөк Иманалиева, Фриман 996, Жийдеш, Нурлан Насип, Аваз Акимов, Айдана Дека жана башкалар катышат.

Бул концерт шаар тургундарына жана меймандарга майрамдык маанай тартуулап, өзгөчө шаң менен өтүү алдында турат.

80