7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Жалал-Абаддагы «Мурас Юнайтед» футбол клубунун жаңы имаратын көрүп чыкты

308

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-августта, Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарындагы «Мурас Юнайтед» футбол клубунун жаңы машыгуу комплексинин имараты менен таанышты.

Жаңы спорттук комплекс спортчуларды даярдоо үчүн зарыл болгон заманбап спорттук жана окуу-тиричилик объектилерин бириктирип турат. Бул жерде машыгуу жана турак жай имараттары, кийим алмаштыруучу бөлмөлөр, бассейн, машыгуу залы, ошондой эле көрүүчүлөр үчүн трибуна жана гибриддик футбол аянты каралган.

Объект дээрлик 2 гектар аянтты ээлейт жана жарык берүү системасы менен жабдылган, бул кечкисин машыгууларды жана беттештерди өткөрүүгө мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы комплекстин шарттары менен таанышып, инфраструктураны көрүп чыкты жана жаш футболчулар менен бирге футбол талаасына чыгып, дарбазага топ киргизип, биргеликте эстеликке сүрөткө түштү.  

 

309