7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жайыл районунда 17 жаштагы кызды ала качкан 3 шектүү кармалды

1648

Жайыл районунун Кара-Дөбө айылында жашы жете элек кызды ала качып кетти деген шек менен үч адам кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 11-апрелде Жайыл районунун Ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун кайрылган. Ал бойго жете элек кызын аялдыкка уурдап кеткен белгисиз адамдарга чара көрүүнү суранган.

«Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренеси боюнча катталды. Бул кылмышка шектүү катары, милиция кызматкерлери тарабынан 21 жаштагы С.А., 23 жаштагы Ш.Б.Б жана 21 жаштагы С.М кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди, ал эми кыз ата-энесине кайтарылды», — деп билдирди ШИИБ.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1649