7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери Лейлекте жүрүүдө

318

Кыргыз-тажик чек арасын демаркациялоо иштери Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек ара аймагында жүрүүдө.

Калктуу конуштарга зым тартуу иштери боюнча жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, чек ара сызыгын турак жай, короо жай, коммерциялык багыттагы объекттерден, бак-дарактардан тазалоо иштери аткарылууда.

Учурда Лейлек районунун Жаңы-Жер жана Кең-Талаа айыл аймагында 105 объект аныкталып, тазалоо иштери толук бүтүп, зым тартууга даярдалды.

Жарандар турак жайлары, эгин талаалары аркылуу өткөн зым тартуу иштерин түшүнүү менен кабыл алууда.

Учурда Лейлек районунун чек арасынын 16 км аралыгына зым тартылып, 42 км жол салынды.

Курулуш материалдары чек ара заставаларында ширетилип, сырдалып, чек ара сызыгына жеткирилүүдө.

319