Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай түрдө ачылды.
Анда тамактануучу жай, фотозона, намазкана, терраса, эс алуу зонасы бар. Ошондой эле Чыйырчык ашуусунан Алай районунун кире беришине чейинки 9,5 чакырым жол толук жарыктандырылганын президенттин Оштогу өкүлчүлүгү билдирди. Буга жалпысынан 9,7 млн сом сарпталган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram