7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

 Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты

9

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда, Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

Мамлекет башчысына акыркы беш жылда райондун бюджетинин көлөмү үч эседен ашык көбөйүп, 2021-жылдагы 186 млн сомдон 2025-жылы 619,1 млн сомго жеткени маалымдалды. 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча анын көлөмү 625 млн сомго чейин көбөйөрү күтүлүүдө.

Муну менен катар, акыркы беш жылда райондо тартылган инвестициялардын көлөмү кыйла көбөйгөн: 2021-жылдагы 530 млн сомдон 2025-жылы 1,6 млрд сомго жеткен. 2025-жылы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,2 млрд сомду түзгөн. 2026-жылдын тогуз айынын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин көлөмү 488,9 млн сомго, ал эми өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1,05 млрд сомго жеткен.

Каралып жаткан мезгил аралыгында райондо 41 өнөр жай объектиси пайдаланууга берилип, мектептерди, бала бакчаларды, медициналык мекемелерди, спорт залдарды жана маданий объекттерди камтыган 44 социалдык объект курулган. Дагы 21 объекттин курулушу жана капиталдык оңдоо иштери уланууда.

Жол жана ирригациялык инфраструктурада олуттуу иштер жүргүзүлгөн: 61 км жол асфальтталып, Бахты-Ногой каналы пайдаланууга берилген, Сарымсак каналын оңдоо иштери уланууда. Жети айылда калкты таза ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Муну менен катар, райондун мындан аркы өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу милдеттери белгиленди. Алардын катарында наркы 180 млн сомду түзгөн калкты тейлөө борборун куруу жана 300 млн сом каралган айылдык калктуу конуштарды таза ичүүчү суу менен камсыздоо бар.

Андан ары Мамлекет башчысы Манас районунун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты.

10