7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өзгөндө сапатсыз асфальт төшөгөн компанияга 200 миң сом айып салынды

11

Өзгөн районунун Ата-Башат айылындагы жолдун сапатына байланыштуу жергиликтүү тургун тарабынан видео кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылуунун негизинде Курулуш министрлиги тарабынан жеринде текшерүү жүргүзүлдү.

Жолго төшөлгөн асфальттын сапатына байланыштуу текшерүү жүргүзүлүп, подрядчы «Толман» ЖЧКсына 200 миң сом айып пул салынды.

Текшерүү учурунда асфальттан лабораториялык изилдөө үчүн үлгүлөр алынып, компанияга аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди. Жолдун жалпы узундугу 3,2 чакырым болсо, учурда 700 метрине асфальт төшөлгөн.

12