7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогул шаарынын Эргеш Ормонов атындагы стадиону салтанаттуу ачылды

6

Бүгүн, 14-сентябрь күнү Токтогул шаарында жаңыланган Эргеш Ормонов атындагы стадионун ачылыш аземи орун алып, ага Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиев катышты.

Ачылыш азем Кыргыз Республикасынын Улуттук лигасынын «Токтогул» — «Базар-Коргон» футболдук клубдарынын беттеши менен уланды.

«Биздин күчүбүз — биримдикте, биздин келечегибиз — жаштарда. Бул стадион спорт аркылуу улутубузду чыңдоого, достукту бекемдөөгө жана Кыргызстаныбыздын кадыр-баркын көтөрүүгө кызмат кылат!

Мекенге берилгендик менен ойной турган футболчулар ушул жерден өсүп чыгып, кыргыз футболунун даңкын дүйнөгө таанытаарына ишенимим чоң!», — деп белгиледи өз сөзүндө КФБ жетекчиси Камчыбек Ташиев.

Маалымат үчүн: Азыркы заманбап стадиондун аймагында буга чейин орун алган стадион 1980-жылы СССРдин борбору Москва шаарында өткөн Олимпиаданын урматына курулан. Кийинчерээк бул инфратүзүм объектисине Эргеш Ормоновдун ысымы берилди.

Көп жылдар бою Токтогулдун башкы спорттук объектиси катары өз кызматын кылган стадион бул жылдардын аралыгында комплекстүү оңдоп түзөөдөн өтпөй, эскиликке жеткен. Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Камчыбек Ташиевдин өлкө Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 2024-жылдын май айындагы Токтогул шаарына болгон иш сапарынын алкагында, бул стадионду толук реконструкциядан өткөрүү чечими кабыл алынган. Бул кыска аралыктан ичинде заманбап спорттук арена тургузулду.

Токтогул шаарынын Сүйөркул көчөсүндө орун алган стадионго караштуу аймактын жалпы аянты 2,0 гектарды түзөт. Заманбап талаптарга жооп берген стадиондун трибуналары 3 450 көрүүчүгө ылайыкталган.

Стадиондо кийим алмаштыруучу бөлмө, мелдештерди өткөрүү үчүн бир нечефункционалдык жана административдик бөлмөлөр, VIP-коноктор, медиа өкүлдөрү, ТВ адистери, беттештин расмий өкүлдөрү жана калыстар үчүнжана VAR-системасы үчүн бөлмөлөр орун алды.

Стадиондун негизги оюн талаасы тоолуу аймактын климатына ылайыкташтырылып, жасалма чөптүү болду. Оюн талаасын чуркоо аянтчасы курчап турат. Ал эми стадиондун өзү жарык берүүчү заманбап шам-чырактар менен жабдылып, футболдук беттештерди жана иш-чараларды кечки убакытта өткөрүүгө шарт түздү.

#kfu_kg

 

7