Бишкекте 20, 22 жана 24-сентябрь күндөрү футзал боюнча 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндары өтөт.
Азия Кубогуна катышкан командалар 8 тайпага бөлүнгөн. Испаниялык адис Луис Бернат Молинанын жетекчилиги алдындагы Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы «F» тайпасында орун алган. Тайпа ичинде биздин кураманын атаандаштары — Өзбекстан, Чыгыш Тимор жана Палестина командалары.
Азия биринчилигинин «F» тайпасындагы тандоо оюндары быйыл Кыргыз футбол биримдигинин Спорт комплексинде өткөрүлөт.
Оюндардын жүгүртмөсү:
- 20-сентябрь, 20:00 — Кыргызстан – Чыгыш Тимор
- 22-сентябрь, 20:00 — Палестина – Кыргызстан
- 24-сентябрь, 20:00 — Өзбекстан – Кыргызстан
Финалдык баскычка тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 команда, экинчи орунду ээлеген 7 мыкты команда жана турнирдин ээси жолдомо алат. Жалпы турнирге континенттин 16 командасы катышат.
Ал эми Азия Кубогунун финалдык баскычы Индонезияда өтөт. Билеттер ticketon.kz сайтында жеткиликтүү.