Бүгүн, 3-ноябрда Сокулук районунундагы К.И. Скрябин атындагы кыргыз улуттук агрардык университетинин жашылча үрөндөрүн өндүрүү боюнча окуу-илимий борбору ачылды.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова жана Табылды Муратбеков, мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана кореялык өнөктөштөр катышты.
Депутат Махабат Мавлянова ата мекендик үрөнчүлүктү өнүктүрүүгө, импортко көз карандылыкты азайтууга жана өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого салым кошорун белгиледи.



