7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Токмокто Ислам Академиясын ачты

43

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-сентябрда, Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам Академиясынын ачылышына катышты.

Мамлекет башчысы салтанаттуу иш-чараны ачып жатып, өлкөбүздүн билим берүү жана дин тармагында дагы бир жаңы барак ачылып жатканын баса белгиледи. Ислам Академиясы – агартуунун, руханий өсүштүн жана салттуу ислам баалуулуктарына таянуунун символу боло турган мекеме.

Садыр Жапаров архивдик булактардагы маалыматтарды келтирүү менен, Борбор Азияда “ислам ренессансынын” жаралышына Сиражудин Аль-Оши, Имам Серахси-Узгенди, Кадыйхан Узгенди, Жусуп Баласагуни, Махмуд Кашгари-Барскани ж.б. ата-бабаларыбыз өз салымдарын кошконун дүйнө жүзү жакшы билерин белгилеп өттү.

“Азыр биз турган жерде Бурана мунарасы менен таанылган, Улуу Жибек жолунун боюндагы береке-куту төгүлгөн бул аймактан кезинде адеп-ахлак баалуулуктарын, илим жана билимди, ислам маданиятын бийик деңгээлге көтөргөн улуу ойчул бабабыз Жусуп Баласагын жашап өткөн эмеспи”, — деди Президент.

Ал ошондой эле Кыргызстанда дин жана билим берүү маселелерине байланыштуу укуктук ченемдер жалпы дүйнөлүк стандарттарга ылайыкташтырылганын өзгөчө белгиледи. Бул багытта негизги укуктук база 1948-жылдын 10-декабрында Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясы жана 1981-жылдын 25-ноябрында БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган “Диндин жана ынанымдардын негизинде сабырсыздыктын жана басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө” декларация болду.

Ислам Академиясы теология жана дин таануу багытында жогорку деңгээлдеги билим берүү системасын өнүктүрүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана диний багыттагы кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын арттырууга багытталган алгачкы мамлекеттик жогорку диний окуу жайы катары Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен түзүлгөн.

Кампустун аянты 2 га түзөт, анын ичинде окуу корпусу, спорт зал жана жатакана бар. Академия 400 студентке ылайыкталган. Академиянын өзгөчөлүгү – ал мамлекеттик бюджеттен каржыланып, өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатына шайкеш иш жүргүзүп, салттуу ислам дининин баалуулуктарын илимий негизде изилдөөнүн жана жайылтуунун кепилдиги болуп бермекчи.

Буга байланыштуу объективдүү, систематикалык жана илимге негизделген салтуу ислам баалуулуктарына ылайык диний билимге муктаждык өсүп жатат. Ислам Академиясы бул муктаждыкка жооп катары болуп саналат.

Мамлекет башчысы белгилегендей, академиянын негизги миссиясы – сапаттуу теологиялык билим берүү, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, жаштарды радикалдык агымдардан коргоо жана мамлекеттик билим берүү системасына шайкеш диний билим берүүнү камсыз кылуу. Ошондой эле бүгүнкү күндөгү ислам каржылоосунун актуалдуулугун эске алганда, академияда ислам финансылык системалары, ислам банкинги жана экономикалык долбоорлор боюнча билим берүү программалары да иштелип чыгат.

“Академияда имамдардын квалификациясын жогорулатуу курстары уюштурулуп, заманбап талаптарга жооп берген чоң илимий китепкана түзүлмөкчү. Буюрса, мындай аракеттер менен Академия улуттук эле эмес, бүтүндөй Борбор Азияда сыймыктуу илим жана билим берүү борборуна айланат”, — деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле мектептерде окутулуп жаткан “Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети жаш муундун диний сабаттуулугун жогорулатууга шарт түзөрүн белгиледи. Бул сабак ар түрдүү диний түшүнүктөргө критикалык жана сабаттуу мамилени калыптандырат, дүйнөлүк диндердин тарыхый жол-жобосу, ар кыл маданий жана философиялык агымдар жөнүндө объективдүү маалымат берүү менен, диний радикалдашууга каршы интеллектуалдык иммунитетти калыптандырууну шарттайт. Демек, бул предметти окутууда квалификациялуу мугалимдер жана мазмундуу окуу материалдары менен камсыз кылуу керек.

Бул контекстте Мамлекет башчысы маанилүү милдеттерди белгилеп өттү:

1. Диний билим берүүнүн сапатын жогорулатуу;

2. Илимий-изилдөө, методикалык, эксперттик жана аналитикалык иштерди жүргүзүү;

3. Жогорку квалификациялуу теолог-адистерди даярдоо;

4. Диний уюмдардын өкүлдөрүнүн мамлекет алдындагы милдеттерди так жана жоопкерчилик менен аткарышын камсыздоо сыяктуу милдеттер турат.

“Буга чейин жаштарыбыздын диний билимин тереңдетүүгө мынчалык шарттар түзүлгөн эмес. Эми минтип, салттуу исламды сапаттуу окута турган академиялык жогорку билим берүү жайы ачылып олтурат. Мындан ары илим издеп, чет өлкөлөп окуунун анчалык деле зарылчылыгы жок. Андыктан биздин келечегибиз болгон жаштарыбызды өзүбүздөн – дүйнөлүк стандарттарга жооп берген Ислам академиясынан билим алууга чакырат элем”, — деди Президент.

Сөзүнүн соңунда Мамлекет башчысы Бириккен Араб Эмираттарынын Заид бин Султан Аль-Нахайян фондуна, илимий чөйрөнүн жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнө бул масштабдуу долбоорду ишке ашырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле академиянын бүтүрүүчүлөрү диний жана светтик илимдерди алдыга жылдырып, Кыргызстандын илимий жана билим берүү потенциалын чыңдап, улуттун сыймыгы болушат деген үмүтүн билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров заманбап окуу жана компьютердик класстарды, жатакананы, ашкананы көрүп чыкты.

44