Алматы менен Каракол шаарларынын ортосунда Санташ ашуусу аркылуу жаңы аба каттамы ачылат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлады.
Тиешелүү келишимге “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы менен “Казаэронавигация” ишканасы кол койду. Каттам Эл аралык жарандык авиация уюмунун заманбап талаптарын жана RNAV-5 навигациялык спецификациясын эске алуу менен иштелип чыккан. Бул тоолуу шарттарда учуулардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун камсыз кылат.
Жаңы трасса 1970-жылдары эле болгон тарыхый багытты кайра жандандырат жана “Каркыра-автожол” чек ара бекетинин жанынан өтөт. Ишке киргизүүнүн алдында Beechcraft King Air 360 учагында биргелешкен жер үстүндөгү текшерүү жана учуу валидациясы жүргүзүлүп, каттамдын эл аралык стандарттарга шайкештиги тастыкталды.
Транспорттук маанисинен тышкары, каттам туризмдин өнүгүшүнө түрткү берүүгө багытталган: жай мезгилинде Ысык-Көл аймагына жана тоолуу райондорго саякаттоого, ал эми кышында Караколдун тоо-лыжа базаларына жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Ошондой эле жаңы каттам аймактык авиациялык инфраструктуранын маанилүү элементи жана эки өлкөнүн кызматташтыгы үчүн кошумча түрткү болот.