7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти менен жолукту

22

Бүгүн, 16-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу да сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу Эмомали Рахмонго президент Садыр Жапаровдун жолдогон саламын жеткирип: “Эки өлкө башчыларынын эки тараптуу мамлекеттик сапарлары жакын коңшулук жана достук мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзүп, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө да көмөкчү болууда. Бүгүнкү менин расмий сапарым мунун анык далили. Эми эки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органдары жетишилген келишимдерди колдоого алып, ийгиликтүү ишке ашуусуна жардам беришибиз кажет”, – деди.

Өз кезегинде президент Эмомали Рахмон да Тажикстан калыптанган тарыхый алакаларды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурарын белгилеп, Кыргызстан менен бардык багыттарда кызматташууга кызыкдар экендиктерин билдирди. Анын ичинен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү учур талабы экенин айткан Эмомали Рахмон аталган тармакта алгылыктуу иштерди жүргүзүү керектигине токтолду. Муну менен катар парламенттер аралык диалог өнөктөштүктүн негизги өзөгүн түзөрүн белгилеп: “Сиздин расмий сапарыңыз кыргыз-тажик алакасын жаңы деңгээлге чыгарат деген ишеничтемин”, – деди президент.

Мындан тышкары, тараптар маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, экологиялык демилгелерди биргелешип ишке ашыруу жаатында да ой бөлүштү.

23