7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фадеев: Кыргызстан — ыр жандуу эл. Кооз үнү менен айырмаланып, укмуш ырдашат

382

Максим Фадеев «Интервидение» сынагында кыргызстандык «Номад» тобу менен дагы эки өлкөнүн ырчысына күйөрмандык кылат.

Россиялык продюсер бардык катышуучуларды угуп чыгып, Казакстан (Амре), Кыргызстан («Номад» тобу) жана Кытайды (Ван Си) белгилеген.

«Кыргызстан — ыр жандуу эл, укмуш ырдашат. Билинер-билинбес, назик нюанстар, абдан так, кооз үндөр менен айырмаланат. Алардын ырын биринчи жолу укканда, өзгөчө кайырмасына келгенде тамагыма бир нерсе туруп калгандай болду. Азыр деле тыңгылыктуу бир нерсе айта албай жатам», — деди ал.

Эл аралык музыкалык «Интервидение» сынагы ушул ишембиде Москвада өтөт. Ага 20дан ашык өлкөдөн ырчылар катышууда. «Номад» триосу «Жалгыз сага» чыгармасын экинчи болуп аткарат.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

383