“Ош шаарынын мэрине сөгүш негиздүү жана өз учурунда берилди”, — дейт коомдук активист Атай Бейшенбек. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазган.
Анын айтымында, айрым жарандар президенттин мэр Жеңищ Токторбаевге сөгүш жарыялаганын “Ош Сити” турак-жай комплексиндеги жагдай менен байланыштырып жатышат.
“Ош шаарынын мэрине сөгүш негиздүү жана өз учурунда берилди. Азыр өлкөгө 1 тыйын болобу инвестиция салам деген ишкер менен жергиликтүү бийлик же министрлик, баары мамилесин түп-тамырынан өзгөртүшү керек. “Көчө сөзү” менен урушуп, алардын жеке аброюна шек келтирбей, тескери ачык сүйлөшүп, жакшы мамиле менен кызматташууга тартуу гана экономикага натыйжа берет. Президент өзү цемент заводу же кайра иштетүүчү ишкана, курулуш долбоорубу, чакан ГЭС болобу ар бир инвестициялык иштерди колдоого алып, ачылыштарына чейин катышып жүрөт”, — дейт ал.
Ошондой эле ал, президенттин түпкү максаты — жумушчу орун түзүү, салык төлөтүү, капитал чыгып кетпей, тескерисинче, өлкөгө тартуу экендигин кошумчалады.
“Эгер биз ишкерлерге ушинтип орой мамиле кылсак, анда өлкөгө ким келип акча салат? Эгер мыйзам бузуу болсо, аны укук коргоо органдары аркылуу, жол-жобосу менен, ашыкча пиары жок эле чечүү зарыл. Ош шаарынын мэрине президент өзгөчө колдоо көрсөтүп келгенин эч ким тана албайт. Мисалы, шаардын бюджети болгону 3 млрд сомдой болсо, анын өнүгүүсүнө болгону 300 млн сом гана каралган (калганы айлык жана чыгымдарга кетет). Бирок президент бир эле жылда 3,2 млрд сом бөлүп, дароо колдоого алып, ишинен натыйжа чыксын деп шарт түздү. Ошонун эсебинен жүздөгөн техника алынды, ондогон жолдор оңдолду. Андыктан, Токторбаевге берилген сөгүштү ар бир жетекчиге “инвестиция менен ишкерге болгон мамилени тез арада жакшырткыла” деген ачык сигнал катары түшүнсөк болот”, — дейт ал.