7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте жол кыймылынын коопсуздугу боюнча конференция болуп өттү

22

Бишкекте «Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу: чакырыктар жана аларды чечүү жолдору» аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, конференцияда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча маанилүү сунуштар берилген.

Илимий-практикалык конференцияга ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары Айбек Джумагулов, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, жогорку окуу жайларынын жетекчилери, жеке компаниялардын жана коомчулуктун өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын эксперттери катышты. Алар Кыргызстандагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун учурдагы абалына баа берип, дүйнөлүк мыкты практикалар менен тажрыйба алмашышты.

Конференциянын жүрүшүндө катышуучулар унаа жолдогу чакырыктар жана аларды чечүү боюнча сунуштар, ОСАГО-жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо механизми катары, Кыргыз Республикасында автотранспорт багытындагы адистерди даярдоону өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги, Бишкек шаарында жол кыймылынын коопсуздугу боюнча маселелерге кенен токтолушуп, өздөрүнүн баяндамаларын окушту. Ошондой эле, иш-чаранын катышуучулары жол коопсуздугун жогорулатуу боюнча иштерде мамлекеттик органдардын жана коомдук уюмдардын күч-аракеттерин бириктирүү зарылдыгын айтышты.

23